Сабалган 5 жашар кызды башка мекемеге которуу каралууда

Ош шаарындагы «Лотос» үй-бүлөлүк балдар үйүнүн кызматкери мекемедеги беш жашар кызга ырайымсыз мамиле көрсөтүп, жабырлануучу кызды башка мекемеге которуу маселеси каралууда. Бул тууралуу Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбор билдирди.

Маалыматка ылайык, борбордун аймактык бөлүмүнө «Лотос» балдар үйүнүн кызматкери 5 жаштагы тарбиялануучуга катаал мамиле жасаганы тууралуу видеоматериал келип түшкөн. Үстүбүздөгү жылы 10-февралда Ош шаардык прокуратуранын өкүлү катышкан комиссиялык топ мекемеге текшерүүгө барган. Анда мекеменин жетекчиси Р. Амановага денесинде көк ала тактар жана гематомалар көрүнгөн кыздын чоо-жайы тууралуу суроолор берилген.

«Кыздын колундагы жана далысындагы көгала тактар мекеменин жетекчиси өзү урушуп жаткан балдарды тынчтандыруу максатында кызды ийининен кармаган, анын колдорунда маникюр жасалганына байланыштуу баланын сезимтал териси жабыркаган», — деп айтылат улуттук борбордун билдирүүсүндө.

Ал эми Аманова жабырлануучу кыздын жүзүндөгү тактар боюнча «комиссиянын суроолоруна так жооп бере албай, бул фактыны танууга киришкен». Ал «кыз жөн гана кулап түшкөн болушу ыктымал» экенин айткан.

Улуттук борбордон «Лотос» балдар үйүнүн жетекчиси Р. Аманова жана жабырлануучу кыз менен сүйлөшүүнүн жыйынтыгында, мекемеде «мыйзамсыз аракеттер жасалган деген бүтүмгө келишкенин» билдиришти.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.