Суучул Денис Петрашов АКШдагы мелдеште күмүш тагынды

Кыргызстандык суучул Денис Петрашов АКШдагы Атланта конференциясынын чемпионатында (ACC) экинчи орун алды. Бул тууралуу Кыргызстандын сууда сүзүү федерациясынан билдиришти.

Денис 200 ярд (дээрлик 183 метр) аралыкка жарышка түшүп, күмүш байгеге татыган.

Мелдеш Атланта шаарында өткөн.

Федерациядан белгилешкендей, ACC League АКШнын Чыгыш жээгиндеги күчтүү университеттик командаларын бириктирип, Түндүк Америкадагы күчтүү үч лиганын бири болуп саналат.