ИИМдин академиясынын курсантын өлтүрө сүзгөн жаран камактан бошотулду

Бишкектеги Свердлов райондук соту 24 жаштагы Айзанын өлүмүнө шектелген айдоочунун баш коргоо чарасын карады. Жыйынтыгында шектүү үй камагына чыгарылганын маркумдун жакындары маалымат каражаттарына билдиришти.

Эскерте кетсек, 9-январда эртең менен Бишкек шаарындагы жол кырсыктын кесепетинен Ички иштер министрлигинин академиясынын курсанты Айза Улан кызы каза болгон.

Бул окуяга шектүү айдоочу качып кетип, кийин кармалганын ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы 13-январда билдирген. Окуя саат 07:10 чамасында Жибек Жолу чоң көчөсү менен Республика көчөсүнүн кесилишинде болгон. «Тойота» үлгүсүндөгү автоунааны 1974-жылы туулган У.Н. башкарып жүргөн.