Эмгек сиңирген артист Малик Аликеев каза болду

Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Малик Аликеев каза болду. Ал бүгүн, 17-январда көз жумганы “Манас” улуттук театры тарабынан белгилүү болду. Театрдын жетекчиси Азиз Биймырза уулу белгилегендей, Малик Аликеев ооруп жүргөн.

Учурда театрдын өкүлдөрү Таласка чыгып жатканын айтты.

Малик Аликеев 1969-жылы 6-июнда Талас облусунун Көпүрө-Базар айылында төрөлгөн. Атасы комузчу, ырчы болгон.

“Мөлмөлүмгө” экинчи өмүр берген ырчы эң алгач бул ырды 1986-жылы Кыргыз драма тетарында өткөн жаңы жылдык концертте аткарып чыккан.

Белгилей кетсек, Малик Аликеев филармониядан кеткенден кийин чыгармачылыктан алыстап калган. Кийин ал жамбаш сөөгүн кокустатып алып, төшөктө жатып калган. 2020-жылы эки жолу операция жасалган. Бул сыноодон кийин ырчыга Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти наамы ыйгарылган.

2021-жылы “Мөлмөлүм” аттуу чыгармачылык концертин Бишкекте жана Таласта өткөргөн. 2022-жылы филармонияда концерт өткөрүп, анда апасы да ырдаган. Ал концерттен түшкөн каражатка дарыланмак.

Ырчы менен жубайы Жаңыл айым экөөнүн ортосунда бир уул, бир кызы бар.