Садыр Жапаров Дохада Режеп Тайип Эрдоган менен жолугушту 

Президент Садыр Жапаров 18-декабрда футбол боюнча Дүйнө чемпионаты — 2022 алкагында Доха шаарында Түркия Республикасынын президенти Режеп Тайип Эрдоган менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Өлкө лидерлери саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөдөгү эки жана көп тараптуу кыргыз-түрк өз ара аракеттенүүсүнүн актуалдуу маселелери жөнүндө сүйлөшүштү.

Садыр Жапаров менен Режеп Тайип Эрдоган жогорку саясий деңгээлде активдүү диалогду улантууну шартташты.

Белгилей кетсек, Садыр Жапаров 18-декабрда, чет өлкөлөрдүн чакырылган башка лидерлери менен катар Доха шаарында  футбол боюнча Дүйнө чемпионаты — 2022 финалдык беттешине күбө болду. Аргентина менен Франциянын улуттук курамаларынын ортосундагы финалдык беттеш, Аргентинанын курамасынын жеңиши менен аяктады.

1024x768xphoto 2022 12 19 01 59 05 3.jpg.pagespeed.ic.0S52GVYb Садыр Жапаров Дохада Режеп Тайип Эрдоган менен жолугушту 
1024x770xphoto 2022 12 19 01 59 Садыр Жапаров Дохада Режеп Тайип Эрдоган менен жолугушту 
photo 2022 12 19 01 59 05 2 Садыр Жапаров Дохада Режеп Тайип Эрдоган менен жолугушту