«Эсимде» тасмасы «Евразия» кинофестивалынын баш байгесине татыды

Кыргызстандык режиссер Актан Арым Кубаттын «Эсимде» тасмасы Алматыдагы «Евразия» эл аралык кинофестивалынын баш байгесин жеңип алды. Бул тууралуу «Кыргызфильм» киностудиясынан билдиришти.

Калыстардын чечими менен Актан Арым Кубаттын тасмасы «Мыкты тасма» деп табылган.