Ноокатта 17 жаштагы кыз сууга чөгүп каза болду

Ош облусунун Ноокат районунда 17 жаштагы кыз сууга чөгүп каза болду. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Көк-Жар айыл аймагынын Найман айылында жайгашкан Найман көлүнө 2006-жылы туулган А. кызы А. түшүп кеткендиги тууралуу билдирүү келип түшкөн.

Жерине жалпы 9 куткаруучу тартылып, саат 20:35 чамасында өспүрүм кыздын жансыз денесин табышып, туугандарына өткөрүлүп берилген.