Кытайда жеңил атлетчи Нурсултан Кеңешбеков коло байге тагынды

Кытайдын Чэнду шаарында өтүп жаткан Дүйнөлүк студенттик оюндарында кыргызстандык жеңил атлетчи Нурсултан Кеңешбеков коло байгенин ээси болду. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, жөө күлүк 174 өлкөнүн спортчусу катышкан жарышта 5 миң аралыкка чуркап, жыйынтыгында 3-орунга татыган.

Белгилей кетсек, Кытайда өтүп жаткан Универсиада 27-июлдан 9-августка чейин болот. Кыргызстандык студенттер командасы спорттун 5 түрүнөн — жеңил атлетика, дзюдо, стол тенниси, таэквондо жана спорттук ок атуу боюнча катышууда.

Спортчулардын аталган мелдешке катышуусу үчүн Дене тарбия жана спорт департаментине караштуу “Жаштык” массалык иш-чаралар жана жаштар менен иштөө дирекциясы тарабынан 2 миллион сом бөлүнгөн.