Ысык-Көлгө эс алууга келген туристтердин жана жарандардын коопсуздугу толук көзөмөлдөнүүдө

Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

ИИМдин коллегиясынын чечимине ылайык, ИИМдин Күзөт кызматынын жетекчилиги Ысык-Көл аймагына чыгып, өздүк курамы менен жолугушуп, мыйзамдуулуктун сакталышы, жарандардын жана туристтердин коопсуздугун көзөмөлдөө боюнча жеринде тапшырмаларды берип келди.

Анын негизинде Ысык-Көл райондук күзөт бөлүмү Ысык-Көл РИИБнын кызматкерлери менен биргеликте 2023-жылдын 4-5-августунда Ысык-Көл районунун аймагында жайгашкан «Байтур», «Кыргыз деӊизи», «Көгүлтүр Ысык-Көл» санаториясында, «Колумб», «Каприз» жана «Береке», эс алуу жайларында, пансионаттарда жайкы туристтик мезгилде эс алуучулардын коопсуздугун, коомдук тартипти камсыздоо, уурулуктун, кылмыштуулуктун алдын алуу максатында кайгуул иштерин жүргүзүп жатат. Ошондой эле көлдүн жээгинде катер, катамаран, скутерлерди иштеткен ишкерлерге жарандардын өмүрүнө жана ден соолугуна зыян келтирип албоо үчүн бардык коопсуздук эрелердин сакталышына өзгөчө катуу көӊүл бурулуп, мыйзам чегинде иш алып баруу боюнча түшүндүрмөлөр берилип жатат. Катер, скутер жана башка сууда жүрүүчү каражаттарды пайдаланууда атайын тосмолордун орнотулушу текшерилди. Ошону менен бирге көлдүн жээгинде куткаруучулардын болушуна дагы көӊүл бурулууда.


“Андан тышкары ИИМдин Күзөт кызматынын Ысык-Көл райондук күзөт бөлүмү тарабынан эс алуу жайларды дүрбөлөӊ баскычтары аркылуу кайтарууга алуу боюнча келишимдер түзүлүп, айгай белгилерин тейлөөдө күнү-түнү иш алып баруу үчүн табелдик куралдар менен куралданган жана атайын кызматтык автоунаалардан турган өзүнчө мобилдик топ түзүлгөн. Ошол эле учурда Ысык-Көл райондук күзөт бөлүмү түзүлгөн иш-мерчемдерге ылайык Ысык-Көл РИИБден түшкөн чакырууларга кармоо тобу барып ыкчам тергөө тобуна жардам берилип жатат“, – деп айтылат ИИМдин басма сөз кызматынын маалыматында.

Учурда Ысык-Көлдө эс алып жаткан туристтердин, эс алуучулардын коопсуздугу жогорку деңгээлде камсыздалып жатат.

c88ee1bc 94a5 40bf 8c5f 6f98389a6a6a Ысык-Көлгө эс алууга келген туристтердин жана жарандардын коопсуздугу толук көзөмөлдөнүүдө
9c5a4aa6 c315 4146 beb2 b823f235b0fe 1 Ысык-Көлгө эс алууга келген туристтердин жана жарандардын коопсуздугу толук көзөмөлдөнүүдө
b1300440 1577 421e a6c4 e830965bfecf Ысык-Көлгө эс алууга келген туристтердин жана жарандардын коопсуздугу толук көзөмөлдөнүүдө
49227665 a1a6 47f2 839a 9ec9918b99c1 1 Ысык-Көлгө эс алууга келген туристтердин жана жарандардын коопсуздугу толук көзөмөлдөнүүдө
450025cc 84ca 45a8 a5e9 16cac95f000a Ысык-Көлгө эс алууга келген туристтердин жана жарандардын коопсуздугу толук көзөмөлдөнүүдө