Кадамжайда мыйзамсыз миграцияны уюштурган чет өлкөнүн жараны кармалды

Бул тууралуу Баткен ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Кадамжай РИИБдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматынын ыкчам кызматкерлери тарабынан Кадамжай районунун Үч-Коргон айыл аймагында жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иш-чараларынын негизинде Өзбекстан Республикасынын 36 жаштагы И.Г. аттуу жараны мамлекеттик чек-араны мыйзамсыз бузуп кирип, нан бышыруучу жайда эмгектенип жаткандыгы аныкталып Кадамжай РИИБдин КБРне катталып Кыргыз Республикасынын кылмыш жаза кодексинин 378-беренеси (Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү) менен сотко чейинки өндүрүш иши ачылган.


“Тергөө иштеринин алкагында бул жаранды Кыргыз Республикасынын аймагына мыйзамсыз алып келип, мыйзамсыз иштетип жаткан Өзбекстан Республикасынын 39 жаштагы У.О. аттуу жараны экендиги аныкталып, Кадамжай РИИБдин КБРне Кыргыз Республикасынын 168-беренеси (Мыйзамсыз миграцияны, мигранттарды мыйзамсыз алып келүүнү (алып чыгууну) уюштуруу) беренеси менен кылмыш иши козголуп, сотко чейинки өндүрүш иши ачылды”, – деп айтылат облустук милициянын маалыматында.
Учурда кармалган эки жаран убактылуу кармоо жайына киргизилип, тергөө иштери уланууда.

3a539e60 60b9 49fb a90a 22e8262da147 Кадамжайда мыйзамсыз миграцияны уюштурган чет өлкөнүн жараны кармалды