Чоң-Алайда тапанча менен коркутуп, май куюучу жайды карактагандар изи сууй электе кармалды

Чоң-Алай районунда унаага май куючу жайды карактоого келген жарандар кармалды, – деп билдиришти Ош ОИИБдин басма сөз кызматынан.


Маалыматка караганда, 2023-жылдын 1-августан 2-августка караган түнү Чоң-Алай райондук ички иштер бөлүмүнө аталган райондун 37 жаштагы Е.С. аттуу тургуну автонуаага май куюучу жайына белгисиз кылмышкерлер карактоо максатында кол салганын кабарлаган.


Аталган билдирүү 2023-жылдын 2-август күнү Чоң-Алай райондук ички иштер бөлүмүнө катталып, окуя болгон жерге тергөө ыкчам тобу жетип барган. Тергөө ыкчам тобу тарабынан тергөөгө чейинки текшерүү иштери жүргүзүлүп, аталган май куюучу жайга белгисиз эки жаран беттерине медициналык беткаптарды тагып алышып, май куюучу жайдын эшиктерин тээп, айнектерди тапанча менен уруп сындырышып, май куюучу жайда оператор болуп иштеген Е.С.га “милицияга кабар берсең атып салам”, – деп коркутушуп, зомбулук көрсөтүшүп, кассадагы акча каражатын алып кетүүгө аракет кылышкандыгын, жабырлануучу Е.С. 102 номерине телефон чалган мезгилде окуя болгон жерден белгисиз тарапка изин жашырып качып кетишкендиги аныкталган.


Жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында кылмыштын изи сууй электе, аталган кылмышка шектүү катары Чоң-Алай районунун 21 жаштагы З.уулу Т. жана 18 жаштагы Т.П. атуу тургундары кармалды. Алардын жанынан бир даана колибри 4,5 мм. болгон пневматкалык тапанча, медициналык бет каптар далил буюм катары алынды”, – деп айтылат маалыматта.


Топтолгон материалдын негизинде Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 207-беренесинде “Каракчылык” кылмыштын белгилери менен кылмыш иши козголуп, кармалган шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилди.


Учурда тергөө амалдары уланууда.

7dc41790 e52e 4e9b b757 00ed8f26cccf Чоң-Алайда тапанча менен коркутуп, май куюучу жайды карактагандар изи сууй электе кармалды
76c2f555 0d2e 43e2 8fdf 6ce707c26520 Чоң-Алайда тапанча менен коркутуп, май куюучу жайды карактагандар изи сууй электе кармалды
1d9687ce 288c 448b 9f79 235d136d4a61 Чоң-Алайда тапанча менен коркутуп, май куюучу жайды карактагандар изи сууй электе кармалды
0455ab66 e883 4f26 8a4f 5520e38ea3fd Чоң-Алайда тапанча менен коркутуп, май куюучу жайды карактагандар изи сууй электе кармалды
b4d7c074 2cc5 4729 9fa0 021f4b1fe713 Чоң-Алайда тапанча менен коркутуп, май куюучу жайды карактагандар изи сууй электе кармалды