Ысык-Көл облусунда аскер адамын жылан чагып алды

Ысык-Көл облусунда аскер адамын жылан чагып алган. Бул тууралуу АКИ пресс-агенттиги өздүк булактарына таянып ​​билдирди.

Ал аймактык ооруканага жеткирилип, ага биринчи медициналык жардам көрсөтүлгөн. Андан соң шаардык клиникалык тез жардам ооруканасына которулган.

Аскер кызматкерлеринин абалы бүгүнкү күндө туруктуу, ал дарыланууда.