Дзержинск көчөсүндөгү үйлөрдүн биринен жылан чыкты

Бишкек шаарынын  Дзержинск көчөсүндөгү үйлөрүндүн биринен жылан чыкты. Бул туурасында  Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, аталган даректеги  турак үйдүн ичинде жылан бар экендиги тууралуу маалымат түшкөн. Жерине 5 куткаруучу тартылып, жыланды кармашып коопсуз жайга коё беришкен.

Кайсы түрдөгү жылан экени жана көлөмү туурасында маалымат айтылган эмес.