Садыр Жапаров Эсептөө палатасын «Кумтөрдү» текшерүүгө жиберди

Садыр Жапаров соцтармактагы баракчасы аркылуу билдирүү калтырып, “Кумтөрдүн” бир жылдык каржылык жана башка ишмердүүлүгүн текшерүү үчүн Эсептөө палатасын жибергенин жазды.

“Кумтөр алтын кенине 2021-жылдын 17-майында тышкы башкаруу кирген, андан бери бир жыл өттү. Текшерүү бүткөн соң (болжол менен эки айдан кийин) жалпы элге маалымат берилет”, — деп билдирүү калтырган президент.