Алексей Ширшов коррупцияга шектелип кармалды

“Дастан” ишканасынын мурдагы директору Алексей Ширшов коррупцияга шектелип кармалды. Бул тууралуу бнгүн, 10-майда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин маалымат кызматы билдирди.

Мекеменин басма сөз кызматы кабарлагандай, бүгүнкү күндө “Аврора Плюс” эс алуу борборунун аймагындагы кымбат баалуу кыймылсыз мүлктү мамлекеттик менчиктен мыйзамсыз жол менен чыгарып алуу фактысына байланыштуу кылмыш иши тергелип жатат жана анын алкагында бизнес өкүлдөрүнүн айрым мамлекеттик жана сот органдарынын кызмат адамдары менен жең ичинен сүйлөшүп алып кылмыш жасаганы белгилүү болду.

«Ысык-Көл райондук жана облустук, Бишкектин жана Чүй, Ысык-Көл облустарынын район аралык, Жогорку соттордун жана президенттин Иш башкармалыгынын, Мамлекеттик мүлк фондунун, Мамлекеттик каттоо кызматынын кызмат адамдары катышкан коррупциялык схема түзүлүп, кымбат баалуу 56 батир жана 27 коттеж жеке структуралардын карамагына өткөрүлгөн»,-деп айтылат маалыматта.

УКМК бул коррупциялык схема аркылуу мамлекетке ири өлчөмдө зыян келтирилгенин белгилеп, чогултулган далилдердин негизинде Алексей Ширшов Жазык кодексинин “Коррупция” беренесинин негизинде шектүү катары кармалганын жана атайын кызматтын тергөө абагына киргизилгенин, анын бөгөт чарасын сот аныктай турганын билдирди.