Кызгалдак талаасындагы окуя боюнча эч кимден арыз-даттануу түшкөн жок

Кызгалдак талаасында бири-бирине кол көтөргөн аялдар боюнча эч кимден арыз-даттануу түшкөн жок. Бул тууралуу Чүй ОИИБдин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, окуя Аламүдүн районунун Таш-Мойнок айылында болгон.

«Бүгүнкү күндө аялдарды аныктоо боюнча ыкчам тергөө иштери жүрүп жатат. Талаанын ээси окуя тууралуу кошуналарынан укканын, ал аялдарды тааныбай турганын айтып берген.

Кызгалдак талаасынан сүрөткө түшүүнү каалагандар арасында мыйзамды сактоо жана фермерлердин эмгегин урматтоо боюнча түшүндүрүү иштери жүрүп жатат»,-деп айтылат маалыматта.