Кубатбеков: каракурт менен жыландан жабыркагандар кайрылууда

Бишкек шаарындагы Клиникалык тез жардам ооруканасына каракурт менен жыландан жабыркаган жарандар кайрылып жатат. Бул маалыматты 15-июнда оорукананын башкы дарыгери Алмаз Кубатбеков билдирди.

Дарыгердин айтымында, адатта бейтаптардын саны жайкысын, июнь айынан сентябрь айына чейин көбөйөт.

«Күн ысыкта бейтаптардын саны өсөт. Мурда мындай тенденция байкалчу эмес. Бирок акыркы 2-3 жылдан бери билинип жатат. 3-4 ай ичинде кара курт менен жылан чаккан 35-40 адам келет. Дордой, Ак-Өргө жана Арча-Бешик конуштарынын жашоочулары кайрылат», – деди дарыгер.