Футбол: көчөлөрдө убактылуу чектөөлөр киргизилет

Бүгүн, 16-июнда, Бишкек шаарынын Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо Борбордук Азия футбол ассоциациясынын (CAFA) турниринин алкагында Кыргызстан менен Иран мамлекеттеринин курама командалары беттешет.
Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматынын берген маалыматына караганда, саат 16:00дөн баштап оюн бүткөнгө чейин төмөнкү көчөлөрдө унаа каражаттарынын кыймылына убактылуу чектөөлөр киргизилет.

  • “Тоголок Молдо көчөсү, Чүй простпектисинен баштап Фрунзе көчөсүнө чейин;
  • Фрунзе көчөсү, Тоголок Молдо көчөсүнөн баштап Панфилов көчөсүнө чейин бөлүктөрү унаалардын кыймылына жабык болот.
    Жолдо жүрүү эрежерин так сактоого жана айдоочулук маданияттуулукту сактоого, жогорудагы көрсөтүлгөн жол тилкелери аркылуу өтүүдө алдын ала маршруттарды тандап алууларды эскертебиз”, – деп айтылат маалыматта.