Кара-Суу районунда жер көчкү жүрдү

Оштун Кара-Суу районунда жер көчкү жүрүп, 39 киши коопсуз жайга көчүрүлдү. Бул тууралуу ӨКМ кабарлады.

Ага ылайык, аталган райондун Папан айыл өкмөтүнүн Кожо-Келең айылында эски жер көчкү активдешкен.

Жер көчкүнүн болжолдуу көлөмү 100 миң кубду түзөт. Беш турак үйгө коркунуч жаралгандыктан 39 тургун коопсуз жайга көчүрүлдү.

Ал жакка жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен ӨКМ адистери барып, жер көчкүгө атайын белги орнотуп, мындан кийин тыкыр көзөмөлгө алмай болушкан.

Өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү жана божомолдоо департаменти бул аймакта жер көчкү жүрүү коркунучу бар экендиги тууралуу корутундуну 9-июнда чыгарып, жергиликтүү тургундарга көчүүнү сунушташкан.