Бишкекте кампадан чыккан өрт чектөөгө алынды

Бишкек шаарында кампадан чыккан өрт чектөөгө алынды. Бул тууралуу ӨКМ кабарлады.

Маалыматка ылайык, Ленин районуна караштуу Садыгалиев көчөсүндө жайгашкан кампадан чыккан өрт саат 8:02де чектөөгө алынды. Тилсиз жоону өчүрүүгө саат 06:54төн тарта жалпысынан 3 күжүрмөн эсеп жана штаб тартылган.