«Сакал» каймана аты менен таанымал Токтосуновдун жакындары аны башка абакка которууга каршы чыгышты

Бүгүн, 23-августта  Юстиция министрлигине караштуу Жаза аткаруу кызматынын имаратынын алдына кылмыштуу топтун мүчөсү катары каттоодо турган,  “Сакал” каймана аты менен таанымал Улан Токтосуновдун жакындары чогулду. 

Токтосуновдун жакындары анын коопсуздугунан кооптонууда. Алардын арасынан үч киши мекеменин ичине сүйлөшүүгө кирип кетишкени белгилүү болду.

Буга чейин Улан Токтосунов Нарындагы абактан Бишкектин тергөө абагына которулуп жатканы кабарланган.

Ал эми анын жактоочусу Бактыбек Жумашев тийиштүү мекемелердин башчыларына кайрылып, Токтосуновду Бишкекке которуу тууралуу чечимди жокко чыгарууну суранууда.

Адвокат Бишкектин тергөө абагында буга чейин адам өлүмү катталган фактылар болгонун белгилеген.

Эске салсак, Улан Токтосунов кримтөбөл Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү Дамирбек Сапарбековду атып өлтүрүү фактысы боюнча камакка алынып, 17 жылга кесилген.

mycollages 56 1200x630 1 «Сакал» каймана аты менен таанымал Токтосуновдун жакындары аны башка абакка которууга каршы чыгышты