Токтосунов Нарындан Бишкектеги №1 тергөө абагына которулат

Кылмыш дүйнөсүндө «Сакал» каймана аты менен таанымал Улан Токтосунов Нарындагы №24 мекемеден (№4 тергөө абагы) Бишкектеги №1 тергөө абагына которулууда. Бул тууралуу анын жактоочусу Бактыбек Жумашев билдирди.

Жумашев билдиргендей, ага бүгүн чалышып, Улан Токтосуновдун камерасына атайын багыттагы куралчан кызматкерлер, абактын кызматкерлери келип, ал Бишкектеги тергөө абагына которуларын айтышкан.

«Мага чалган адам Улан Токтосуновду 2022-жылдын июль айында №1 тергөө абагында киши колдуу болгон Чыңгыз Жумагуловдун тагдыры күтүп турганын айтты», — дейт ал.

Жумашев Улан Токтосунов №1 тергөө абагына которулса, ал жактан тирүү чыкпай турганын айтып, президент, УКМКнын төрагасы, Жазаларды аткаруу кызматынын башчысы жана Башкы прокуратурага Улан Токтосуновду Нарындагы тергөө абагында калтыруу өтүнүчү менен кайрылды.

Эскерте кетсек, Улан Токтосунов 2016-жылы Бишкектин Биринчи май райондук соту тарабынан 17 жылга эркиндигинен ажыратылган. Ал 2015-жылы уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү Дамир Сапарбековду өлтүргөн деп соттолгон.