«Кыргызавтожол» ишканасынын Талас филиалынын кызмат адамдарынын мыйзамсыз аракеттери аныкталды

УКМК тарабынан ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзүүнүн жүрүшүндө Талас районунун аймагында «Кыргызавтожол» мамлекеттик ишканасынын Талас филиалынын кызмат адамдарынын мыйзамсыз иш-аракеттеринин фактысы аныкталды.

Тиешелүү адистерди тартуу менен текшерүү иштери учурунда, Суусамыр – Талас – Тараз автожолунун айрым участокторунда курулуш-монтаждоо иштерин жүргүзүү учурунда, мамлекетке 10 миллион сомдон ашык келтирилген зыян аныкталды.

Азыркы учурда, бул факты боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 2-бөлүгү “Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” боюнча кылмыш иши козголуп, келтирилген зыяндын ордун толтурууга жана бул ишке тийешеси бар адамдарды кылмыш жоопкерчилигине тартууга багытталган тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

8cc9f384 ed4c 4154 acd3 d3091e711acc «Кыргызавтожол» ишканасынын Талас филиалынын кызмат адамдарынын мыйзамсыз аракеттери аныкталды
75e46908 5467 4fb0 8faa b1da886b6424 «Кыргызавтожол» ишканасынын Талас филиалынын кызмат адамдарынын мыйзамсыз аракеттери аныкталды
b03c9882 3af4 496b 998e 2dada8fd4eea «Кыргызавтожол» ишканасынын Талас филиалынын кызмат адамдарынын мыйзамсыз аракеттери аныкталды