Такси каттамдары эми автобекеттерден гана жолго чыгышат

Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы кабарлады.

ЖКККББ кызматкерлери Бишкек шаарынан башка аймактарга каттаган маршруттук таксилердин каттамын автобекеттерде гана жүргүзүүнү ишке ашырууда.

Ал эми автобекетте алыскы аймактарга каттаган таксилердин баарына көзөмөл жүргүзүлүп, кезек-кезеги менен каттамга чыгарылып, баардыгы атайын журналга катталып, унаалардын техникалык абалына да көзөмөл жүргүзүлүп турат.