Динара Кутманованын абактагы мөөнөтү узартылды

Мурдагы жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Динара Кутманованын абактагы мөөнөтү 9-октябрга чейин узартылды.

Мындай чечимди бүгүн, 7-августта Бишкектин Биринчи май райондук соту кабыл алды.

Эске салсак, УКМК 25-июлда Динара Кутманова министрликтеги бир катар коррупциялык фактыларда “башкы уюштуруучу жана шыктандыруучу болгону аныкталып” кармалганын кабарлаган.

УКМКнын маалыматы боюнча, Динара Кутманова министр болуп турганда мамлекеттин акчасын мыйзамсыз чыгарып кетүү боюнча кеңири коррупциялык схема уюштурган. Экс-министр мыйзамсыз коррупциялык иштерге кол алдындагы кызматкерлерди эле эмес, өзүнүн жакындарын, уулун, сиңдисин, үй кызматкерин, уулунун досун жана башкаларды тартуу менен жаратылышты жана экологияны коргоо тармагы үчүн жасалма долбоорлорду каржылоого арыз берүүнү уюштурган деп айыпталууда.