“Барби” тасмасы миллиард доллардан ашык киреше тапты

«Барби» комедиясынын авторлору тасма дүйнөлүк прокатта миллиард доллардан ашык киреше тапканын айтышты, муну серепчилер да тастыкташты.

«Барби» азыр кассада 2023-жылдын эң көп киреше тапкан экинчи тасмасы болууда. The Super Mario Bros («Бир тууган Супер Мариолор») 1,35 миллиард доллар менен 1-орунда турат. Буга чейин жарыкка чыккан бардык тасмалардын ичинен «Барби» прокаттагы ийгилиги боюнча 45-орунда.

«Барби» режиссёр айым тарткан эң көп киреше тапкан тасма болгону белгиленүүдө. Ага чейин Пэтти Женкинстин 2017-жылы жарыкка чыккан Wonder Woman тасмасы прокатта болжол менен 822 миллион доллар чогулткан.