Кара металлдардын сыныктарын жана калдыктарын ташып чыгууга кайрадан тыюу салынды

Кара металлдардын сыныктарын жана калдыктарын, кайра эритүү үчүн кара металлдардын куймаларын (шихт куймаларын) Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагынан тышкары ташып чыгууга (экспорттоого) алты айлык мөөнөткө кайрадан тыюу салынды. Бул тууралуу КР министрлер кабинетинин 2023-жылдын 4-августундагы токтомунда айтылат.

Документке ылайык, Экономика жана коммерция министрлигине ушул токтом күчүнө кирген датадан тартып үч күндөн кечиктирбестен 1-пунктта көрсөтүлгөн убактылуу тыюу салуу киргизилгендиги жөнүндө Дүйнөлүк соода уюмуна жана Евразия экономикалык комиссиясына белгиленген тартипте кабарлоосу тапшырылды.

Ошондой эле министрлер кабинетинин 2023-жылдын 16-январындагы № 19 “Кара металлдардын сыныктарын жана калдыктарын, кайра эритүү үчүн кара металлдардын куймаларын (шихт куймаларын) Кыргыз Республикасынан ташып чыгууга (экспорттоого) убактылуу тыюу салууну киргизүү жөнүндө” токтому күчүн жоготту деп таанылды.