Боом капчыгайында таш кулатуу иштери жүрүүдө

Бишкек — Нарын – Торугарт унаа жолунун 129-чакырымында таш кулатуу иштери жүрүүдө. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, “Кыргыз темир жолу” ишканасы иштер 28-апрелге чейин улана турганын билдирди.

Күндүз саат 9:00дөн 15:00гө чейин унаа кыймылы маал-маалы чектелип, транспорт бир тилке менен гана өтүүдө. 30-40тан ашык автоунаа топтолгондо таш түшүрүү иштери токтоп, аларды өткөрүүгө уруксат берилип жатат.

Мындай иштер аталган тилкеде таш кулоо коркунучун, кырсыктын болушун алдын алуу максатында жасалууда.