Боом капчыгайын кайрадан өрт каптады

26-апрель күнү Тоң районуна караштуу Көк-Мойнок айылында куураган чөптөн өрт чыккан. Бул тууралуу ӨКМден кабарлашты.

Маалыматта айтылгандай, өрттү өчүрүүгө саат 10:31де Балыкчы шаардык №19 өрткө каршы бөлүктөн 1, буга кошумча аталган ӨКБдан саат 11:25те 1, жалпы 2 күжүрмөн эсеп тартылды. Алардын күжүрмөн аракети менен тилсиз жоо саат 12:37де чектөөгө алынды.

Өрттүн аянты болжолдуу аянты 40 сотыхты түзөт. Кошумча маалымат берилет.

FB IMG 1682494077267 Боом капчыгайын кайрадан өрт каптады