Баңгизатты жутуп алып абакка кирүүгө аракет кылган жаран кармалды

Баңгизатты жутуп алып түрмөгө алып кирүүгө аракет кылган жаран кармалды. Бул тууралуу Жаза аткаруу кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, ыкчам кызматкерлер абактардын бирине келген мурда соттолгон Х.Ф. аттуу жарандын ашказанында баңгизат бар экенин аныкташкан. Андан соң ичинен медициналык шприцтердин цилиндринен жасалган үч контейнер гашишке окшош зат чыгарылган. Булардын жалпы салмагы 30 граммды түзгөн.

Аталган факт Эреже бузуулардын бирдиктүү реестрине катталып, тергөө иштери жүрүүдө.

2 3 Баңгизатты жутуп алып абакка кирүүгө аракет кылган жаран кармалды