Жапаров жеке сайттар тууралуу: алды 20 миллион сом, арты 2-3 миллион сомдон жылына алышчу экен

Президент Садыр Жапаров өлкөнүн айрым мааалымат каражаттары аны эмне үчүн сындап жатканын “Кабар” агенттигине берген маегинде түшүндүрүп берди.

Анын айтымда, буга чейин сайттар “Кумтөр”, “MegaCom”, “Манас” аэропортунан акча алып турушкан.

“Так кесе эле жооп берейин. Мурда ошолордун баары “Кумтөр”, “Мегаком”, аэропорттон акча алып турушкан. Мен бийликке келерим менен токтотуп койгом. Эмне үчүн жеке сайттарды мамлекеттик ишканалар багыш керек? Алды 20 миллион сом, арты 2-3 миллион сомдон жылына алышчу экен. Элдин, мамлекеттин акчасы эл үчүн иштеш керек деп кесип салгам. Ошол күндөн ушул күнгө чейин алардын баары мени жек көрүшөт. Ошол үчүн жакшылык иштерди көрүшсө дагы көргүлөрү келбейт. Мен аларга көңүл деле бурбайм”, – деди Садыр Жапаров.