Садыр Жапаров: “20-30 жыл алдын ала айткандарым дайыма туура келип калат”

“Мен мактангандай болбоюн. Мамлекетибиздин эмне болоорун, кайсы жол менен кетсек түз жолго түшөөрүн 20-30 жыл алдын ала көрө билген жагым бар. Алдын ала айткандарым дайыма туура келип калат”, – мындай пикирин өлкө башчы Садыр Жапаров “Кабар” маалымат агенттигине берген кезектеги маегинде билдирди. 

— Сиздин демилге менен Чолпон-Ата шаарында “Акылман” президенттик лицейи ачылды. Бул долбоор боюнча башкы максатыңыз эмне? Анан ага жетээриңизге ишенесизби?

— Башкы максатым өлкө боюнча таланттуу, зирек, акылдуу балдар-кыздарды чогултуп, аларды 7-класстан баштап мектепти бүткөнгө чейин окутуп, ошол мектептен жогорку окуу жайларга жиберип, жогорку окуу жайларды бүткөндөн кийин ар бирин калтырбай мамлекеттик иштерге тартуу максатын көздөп турам.

Антпесек Кыргызстан Эгемендүүлүк алгандан бери кадр даярдоо дегенди унутуп койгон. Тааныш-билиш, тууган-урук, жердешчилик жакка ооп кеткенбиз. Илгерки союз мезгили эсиңердеби? Кадрларды биринчи тепкичтен баштап даярдачу. Биз фундаментинен баштап даярдайлы деп жатабыз. Ошондо гана Кыргызстандын келечегин бир кылым алдын ала көрө билген, келечегин аныктай ала турган кадрларды даярдап чыгабыз. Бул биздин мамлекеттин келечеги үчүн абдан маанилүү. Мен мактангандай болбоюн. Мамлекетибиздин эмне болоорун, кайсы жол менен кетсек түз жолго түшөөрүн 20-30 жыл алдын ала көрө билген жагым бар. Алдын ала айткандарым дайыма туура келип калат. Бул мага Кудай тарабынан берилген сезим болсо керек. Негизи ар бир адамда болот мындай алдын ала сезимдер.

Учурда болуп жаткан жагдайларды көрүп туруп эле келечеги кандай болоорун божомолдоп койсоң болот.

Бул лицейден балдар-кыздарды жакшылап даярдап чыксак, алар бир кылым алдын ала көрө билген кадрлар болот. Азыр 21-кылым. Техниканын заманы. Мындан ары андан да жогору кетебиз. Ошол үчүн биз алдын ала 22-кылымдын кадрларын даярдап коюшубуз керек.

Кечээ эле эгемендигибиздин 32 жылдыгын белгиледик. Келечекте Кудай буюрса 100 жылдыгын дагы белгилейбиз. Ошондо бүгүнкү кадрлар аба менен суудай керек болот. Келечегибиз кайсы мамлекеттер менен болот экенин жүз жыл алдын ала аныктап турушат. Учугубузду улап кетишет.

Биз сөзсүз көздөгөн максатыбызга жетебиз. Ал үчүн баарыбыз тынымсыз күнү-түнү дебей эмгектенишибиз керек.