Жапаров: Орто Азияда биринчи болуп биздин өлкөдө гемодиализ борборун ачтык

Түрк боордошторубуздан суранып, 140 дарыгерди алып келип, аларга бардык жашоо шарттарын түзүп берип, 2-3 жыл биздин дарыгерлерди адамдын ички органдарын алмаштырууну окутуп бергиле деп сурандык. Бул тууралуу Садыр Жапаров билдирди.

“Алар макул болуп, Кудай буюрса иш башталды. Бул үчүн Режеп Тайып Эрдоган мырзага, түрк дарыгер боордошторубузга жалпы кыргызстандыктардын атынан ыраазычылык билдирем. Бизде 3 миңге жакын гемодиализ алган жарандарыбыз бар. Аларга мамлекет жылына 3 миллиард сомго жакын каражат коротобуз. Эми ошолордун көйгөйлөрүн чечип берсек, мамлекет 3 миллиард сомду үнөмдөп калабыз. Бул акчага канчалаган социалдык көйгөйлөрдү чечсек болот. Эң негизгиси жарандарыбыздын негизги көйгөйү болгон ден соолук көйгөйү да чечилип калат. Буга чейин чет өлкөлөргө барып, 60-70 миң долларга чейин өлкөлөргө алмаштырып келип жүргөн болсо, эми өзүбүздө 10 миң долларга чейин эле алмаштырса болот.

Бул борбордун келечеги кең. Орто Азияда биринчи болуп биздин өлкөдө ачтык. Бара-бара боорду, жүрөктү операция жасашат. Кошуна өлкөлөрдөн дагы кабыл алуу үчүн имаратын кеңейтүү шарттарын карап баштадык. Кошумча имарат куруп беребиз”,— деди ал.