Караколдо 2 жана 5 жаштагы кыз дайынсыз болууда

Караколдо 2 жана 5 жаштагы кыз дайынсыз болууда. Бул тууралуу ӨКМ кабарлады.

Маалыматка ылайык, 6-июлда Каракол шаарындагы Чкалов №65 көчөсүндө 5 жана 2 жаштагы Н. кыздар саат 15:00 чамаларында ойноп жүрүп, дайынсыз жоголуп кеткен. Бул тууралуу маалымат түшкөндөн бери издөө тынымсыз уланууда.

«Кыздарды издөөгө 5 куткаруучу, Шаардык ички иштер бөлүмүнөн 60 кызматкер, КР ӨКМДин Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгынан 10 кызматкер тартылды»,-деп жазылат маалыматта.

Издөө иштери уланууда.