Финансы рыногун жөнгө салуу кызматына жаңы жетекчи дайындалды

Марат Пирназаров Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын жаңы жетекчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 3-майда Министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров аны дайындоо боюнча жарлыкка кол койгон.

Буга чейин Пирназаров Финансылык көзөмөл боюнча төраганын орун басары болуп иштеген.