Нуржигит Кадырбеков: “элдер Ак үйгө эмес, Улуттук банкка кол салат”

Кийинки революция Улуттук банктын алдында болот. Мындай пикирин бүгүн, 4-майда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында билдирди.

Анын айтымында, Улуттук банк насыя алган жарандардын көйгөйүнө көңүл буруусу керек.

«Мага көп адамдар кайрылып жатат. Убагында насыяны доллар менен алып, билесиз өтө кымбаттап кетпедиби, падемиядан улам төлөй алып кыйналып жылдырып же узартып тургула десе болбой, банк үйүн да алып, төлөгөн акчасын да кайтарып бербептир. Бул жөн эле элди тономой болуп жатат», — деп нааразы болду.