Кемпир-Абад боюнча камалгандар президентке ишеним көрсөтпөө демилгесин көтөрүштү

Кемпир-Абад маселесине байланыштуу айыпталып жаткандар президент Садыр Жапаровго кайрылуу жолдоду. Алардын кайрылуусу бүгүн, 4-майда соцтармак баракчаларына жарыяланып, анда «коомдук импичмент» деп аталган ишеним көрсөтпөө демилгеси баштала турганы айтылган.

“Биз бийликке теңелбедик, баарына чыдап келдик. Адилеттүүлүк болор деген үмүт болгон. Кемпирабадчылар сизден эч качан кечирим сурабайбыз. Себеби, биз мамлекет, эл, мыйзам алдында эч кандай күнөө кылган жокпуз. Тескерисинче, Конституцияны, мыйзамдарды эки жылдан бери сиз өзүңүз командаңыз менен бузуп жатасыздар. Ошондуктан өзүңүз бизден, элден кечирим сурап, президенттик кызматтан өз ыктыярыңыз менен тынч кетсеңиз туура болот деп эсептейбиз!”, — деп айтылды кайрылууда.

Анда “Баткендеги соңку эки кандуу окуя, Кемпир-Абад, Кумтөр сыяктуу кен байлыктардагы коррупция, соттолгон кылмышкерлерди мыйзамдаштыруу, адам укуктарын бузуу менен катар “Азаттыкка” окшогон эркин медиаларды жабуу, “кустуруу”, парламент менен соттун ишине кийлигишүү” деген жети маселе көтөрүлдү.