Адахан Мадумаров: “Садыр Жапаров менсиз жашай албайт”

Бүгүн, 4-майда Конституцияга арналган иш тегерек столдо “Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын лидери Адахан Мадумаров өз сөзүндө баш мыйзам иштебей, мыйзамдар бузулуп жатканын айтып, калп менен башкаруу болуп жатканын белгиледи.

Ошол эле учурда Мадумаров Садыр Жапаровдун өзүнө карата айтылган сындарына жооп берди.

“Садыр Жапаров мени 30 жылдан бери депутат деди. Бирок мен эсептеп көрсөм 11 жыл депутат болупмун. 19 жылды кайдан кошо койду. Эл ишене берет да ошого. Анын түшүнө мен кирем. Ал менсиз жашай албайт”,- деди Адахан Мадумаров.

Белгилей кетсек, буга чейин президент Садыр Жапаров “Кабар” агенттигине берген  кезектеги маегинде Адахан Мадумаровдун дарегине сын айткан. 

 “Сууну товар катары сатууга да убакыт келет. Азыр БУУда сууну товар катары кабыл алуу боюнча маселе каралып жатат. Кабыл алынса анан сатабыз да. Мадумаровдун болсо тили эле сайрайт, колунан эч нерсе келбейт. Бишкекте туруп тили менен Москванын көчөлөрүн таптаза кылып шыпырып коет. 33 жылдан бери депутат болуп, чоң саясатта жүрөт. Ошончолук эле акылдуу болсо, сууну товар деп, аны сатуу боюнча бир барак мыйзам жазып киргизип койбойт беле. Ошончолук мекенчил экени чын болуп, элине, Мекенине күйсө, БУУга кайрылып көрбөйт беле. Кимди болбосун ажылдап беттен алат, акыл үйрөтөт, жооп берейин деген министрлерди кагып-силкип сүйлөтпөйт. Кыскасы ал киши жамандык, кемчилик эле издегенди адат кылып алыптыр. Адам деген кичине жакшы ниетте болуп, алдыга жылууга умтулуш керек го акыры”, – деген Жапаров.