Спорт достукка өбөлгө. Кеминде окуучулар арасында спорттук иш-чара уюштурулду

Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Маалым болгондой, 2023-жылдын 3-май күнү Кемин районунун аймагында жаш өспүрүмдөр арасында укук бузууларды жана кылмыштуулукту алдын алуу, ошондой эле өспүрүмдөр арасында баңгизаттарды колдонууларына бөгөт коюу максатында Кемин РИИБдин демилгеси менен спорттук турнир өткөрүлдү. Бул иш-чарага Чоң-Кемин жана Көк-Ойрок айыл өкмөттөрү салымын кошуп, милиция кызматкерлери менен биргеликте мыкты денгээлде өткөрүштү. Бул иш-чарага катышкандар Чоң-Кемин айыл өкмөтүнөн Карал-Дөбө, Кайынды, Тегирменти, ал эми Көк-Ойрок айыл өкмөттүнөн Төрт-Күл, Кызыл-Байрак, Шабдан, Калмак-Ашуу, Тар-Суу орто мектептери жана 1 жеке Билимкана мектеби катышты. Жалпысынан балдар арасында 8 команда кичи футбол боюнча, кыздар арасында 6 команда баскетбол боюнча күч сынашты.

dd34b92b 7a7c 4963 b244 e984205983c1 Спорт достукка өбөлгө. Кеминде окуучулар арасында спорттук иш-чара уюштурулду

Башкы байгелерге 1-орунга кубок, медаль, диплом, 2-орунга медаль, диплом, 3-орунга медаль диплом, 4-орунга топ берилди. Ошондой эле ар бир утулган орто мектептерге ыраазычылык кат берилип, окуучулар арасында жакшы ойногон оюнчуга 5 ардак громаталары тапшырылды.

c8521a37 9ee7 4c60 955f c512e744c454 Спорт достукка өбөлгө. Кеминде окуучулар арасында спорттук иш-чара уюштурулду