Конституцияга 30 жыл: салтанаттуу иш-чара болот

Эртең, 5-майда, КРнын Конституциясынын кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгына карата салтанаттуу иш-чара өтөт. Ага президент Садыр Жапаров катышат. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев кабарлады.

Иш-чара УТРК, республикалык жана облустук телеканалдардын эфиринде, социалдык тармактын баракчаларында түз көрсөтүлөт.

Түз эфир саат 10:00дө башталат.