Mazda үлгүсүндөгү унаа кайгуулчулардын унаасын сүзүп, андан соң башка унааны дагы коюп кетти

Бишкекте Mazda үлгүсүндөгү автоунаа кайгуулчулардын автоунаасын сүзүп, андан кийин башка унааны дагы коюп кетти. Бул тууралуу окуяга күбө болгондор билдирет

Жол кырсыгы кечээ, 23-июнда Манас проспектиси менен Бөкөнбаев көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Анда Mazda унаасынын айдоочусу кайгуул кызматынын унаасын артынан сүзүп, андан ары Хонда унаасы менен сүзүшкөн. 

Милиционерлердин айтымында, Mazda каршы тилке менен бара жаткан. Айдоочу милициянын башка экипажынан качып келе жаткан.

Айдоочу кырсык болгон жерден качып, кийинчерээк кармалган. Окуянын чоо-жайы белгисиз.

News 124835354780660816865666234493186413099 Mazda үлгүсүндөгү унаа кайгуулчулардын унаасын сүзүп, андан соң башка унааны дагы коюп кетти