ВИДЕО: Владимир Путин өлкөдөгү акыркы абал тууралуу билдирүү таратты

Россия Федерациясынын президенти Владимир Путин өлкөдөгү акыркы абал тууралуу билдирүү таратты. Анда ал куралдуу козголоңго катыштыгы бар ар бир адам жоопкерчиликке тартыларын айтты. 

“Мен Россиянын жарандарына, Куралдуу күчтөрдүн, укук коргоо органдарынын жана атайын кызматтардын жеке курамына, азыр өздөрүнүн күжүрмөн позицияларында салгылашып, душмандын чабуулунун мизин кайтарып жаткан жоокерлерге жана командирлерге кайрылам – алар муну баатырларча жасап жатышат. Мен муну билем. Бүгүн мен дагы бир жолу бардык секторлордун командирлери менен сүйлөштүм. Алдоо же коркутуу менен кылмыштуу авантюрага тартылып, оор кылмыштын – куралдуу козголоңдун жолуна түшкөндөргө да кайрылам.

Бүгүнкү күндө Россия неонацисттердин жана алардын кожоюндарынын агрессиясынын мизин кайтарып, өзүнүн келечеги үчүн оор күрөш жүргүзүп жатат. Иш жүзүндө Батыштын бүтүндөй аскердик, экономикалык жана маалыматтык машинасы бизге каршы багытталган. Биз элибиздин өмүрү жана коопсуздугу үчүн, эгемендүүлүгүбүз, көз карандысыздыгыбыз жана миң жылдык тарыхы бар Россия болуп калуу укугу үчүн күрөшүп жатабыз. Элибиздин тагдыры чечилип жаткан бул салгылашуу бардык күчтөрдүн башын бириктирүүнү, биримдикти жана жоопкерчиликти талап кылат. Тышкы душмандарыбыз бизди алсыраткан нерселердин баары четке кагыш керек.

Биздин ынтымагыбызды ыдыраткан иш-аракеттер чындыгында элибизден, азыр фронтто согушуп жаткан куралдаш досторубуздан баш тартуу болуп саналат, бул мамлекетибиздин, элибиздин артына сокку уруу менен барабар.

Мындай сокку Россияга 1917-жылы Биринчи дүйнөлүк согушту учурунда болгон. Жеңишти тартып алышкан. Армия менен элдин артынан интригалар, жаңжалдар, саясатташуу армиянын талкаланышына, мамлекеттин кыйрашына жана эбегейсиз аймактардан ажырап калууга алып келген. Натыйжада граждандык согуш трагедиялары орун алган.

Орустар орустарды, бир тууган – бир тууганды өлтүрүп, ар кандай саясий авантюристтер жана чет өлкөлүк күчтөр өлкөнү бөлүп-жарып, аны ыдыратып жеке кызыкчылыгын көздөгөн. 

Биз мунун кайталанышына жол бербейбиз. Элибизди да, мамлекеттүүлүгүбүздү да ар кандай коркунучтардан коргойбуз. Анын ичинде – ички чыккынчылыктан дагы. 

Ал эми биз туш болгон нерсе – бул чыккынчылык. Ашыкча амбициялар жана жеке кызыкчылыктар чыккынчылыкка алып келди. Өз элине, жерине чыккынчылык кылгандарга каршы биздин бөлүктөрүбүз менен “Вагнер” тобунун аскерлери жана командирлери күрөшүп, каза болушкан. Алар Россия үчүн, элдин биримдиги үчүн күрөшүп, жан беришкен. Алардын атын, даңкын да козголоң уюштуруп, өлкөнү анархияга, тууганчылыкка түртүп жаткандар сатып кетишти.

Мен Россиянын президенти жана Жогорку Башкы колбашчысы катары, Россиянын жараны катары өлкөнү коргоо, конституциялык түзүлүштү, жарандардын өмүрүн, коопсуздугун жана эркиндигин коргоо үчүн бардыгын жасайм.

Атайылап чыккынчылык жолуна түшкөн, куралдуу козголоң жолуна жана террордук ыкмаларга барган ар бир адам сөзсүз жазага тартылат. Алар мыйзам алдында жана элибиздин алдында жооп берет”, – дейт өлкө башчы.