Путин: куралдуу козголоң жолуна жана террордук ыкмаларга барган ар бир адам сөзсүз жазага тартылат

“Россия аскерлери куралдуу козголоңду уюштургандарды зыянсыздандыруу үчүн керектүү буйрук алды”, – дейт Россия Федерациясынын президенти Владимир Путин кайрылуусунда.

“Мен Россиянын жарандарына, Куралдуу күчтөрдүн, укук коргоо органдарынын жана атайын кызматтардын жеке курамына, азыр өздөрүнүн күжүрмөн позицияларында салгылашып, душмандын чабуулунун мизин кайтарып жаткан жоокерлерге жана командирлерге кайрылам – алар муну баатырларча жасап жатышат. Мен муну билем. Бүгүн мен дагы бир жолу бардык секторлордун командирлери менен сүйлөштүм. Алдоо же коркутуу менен кылмыштуу авантюрага тартылып, оор кылмыштын – куралдуу козголоңдун жолуна түшкөндөргө да кайрылам.

Биздин ынтымагыбызды ыдыраткан иш-аракеттер чындыгында элибизден, азыр фронтто согушуп жаткан куралдаш досторубуздан баш тартуу болуп саналат, бул мамлекетибиздин, элибиздин артына сокку уруу менен барабар.

Атайылап чыккынчылык жолуна түшкөн, куралдуу козголоң жолуна жана террордук ыкмаларга барган ар бир адам сөзсүз жазага тартылат. Алар мыйзам алдында жана элибиздин алдында жооп берет”, – деди ал.