Касым-Жомарт Токаев: болуп жаткан окуялар Орусиянын ички иши

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Россия Федерациясынын президенти Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөштү. “Владимир Путин өлкөдөгү кырдаал тууралуу маалымат берди” деп жазат казак президентинин расмий сайты. 

Касым-Жомарт Токаев болуп жаткан окуялар Орусиянын ички иши экенин белгиледи. 

“Конституциялык түзүлүш өлкөдөгү мыйзамдуулукту жана укук тартибин камсыз кылуунун зарыл шарты болуп саналат. Бул коомдун коопсуздугунун жана анын ийгиликтүү өнүгүшүнүн негизи”, – дейт ал. 

“Президент Владимир Путин Казакстандын Орусия Федерациясындагы азыркы кырдаалды түшүнгөндүгү үчүн ыраазычылык билдирди”, – деп айтылат маалыматта.