Путин куралдуу козголоңду уюштургандарды зыянсыздандыруу буйругун берди

Россия аскерлери куралдуу козголоңду уюштургандарды зыянсыздандыруу боюнча керектүү буйрук алды, деп жазат РИА Новости Россиянын президенти Владимир Путиндин билдирүүсүнө шилтеме берүү менен.

«Мен Россиянын жарандарына, Куралдуу күчтөрдүн, укук коргоо органдарынын жана атайын кызматтардын жеке курамына, азыр өздөрүнүн күжүрмөн позицияларында салгылашып, душмандын чабуулунун мизин кайтарып жаткан жоокерлерге жана командирлерге кайрылам – алар муну баатырларча жасап жатышат. Билем. Бүгүн мен дагы бир жолу бардык багыттардын командирлери менен сүйлөштүм. Мен ошондой эле алдамчылык же коркутуу менен кылмыштуу авантюрага тартылып, оор кылмыштын – куралдуу козголоңдун жолуна түртүлгөндөргө да кайрылам биздин ынтымагыбызды бузган аракеттер чындыгында өз элинен жана азыр фронтто салгылашып жаткан жолдошторунан баш тартуу болуп саналат. Бул өлкөбүздүн, элибиздин артына бычак уруу. Аң-сезимдүү түрдө чыккынчылык жолуна түшкөндөр, куралдуу козголоңду даярдагандар, баш аламандык жана террордук ыкмалар жолуна түшкөндөр сөзсүз жазага тартылышат, мыйзам алдында жана элибиздин алдында жооп беришет», — деген өз карылуусунда Владимир Путин.

Эскерте кетсек, буга чейин «Вагнер» жеке аскерий компаниясы өлкө аймагында куралдуу козголоң уюштурганы маалымдалып, РФ Коргоо министрлиги «Вагнер» ЖАКтын штурмдук отрядынын согушкерлерине кайрылып, алар Евгений Пригожиндин кылмыштуу авантюрасына алданып атышканын билдирген.