Ногойбаев, Жолдошев, Токтогулов…ИИМде кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгында буйрук чыкты

ИИМден билдиришкендей, Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлеринин кармалышы боюнча кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгында буйрук чыкты

Ички иштер министрлигинде ИИМдин Коллегиясынын кезексиз жыйыны өтүп, анда баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын бөлүктөрүнүн кызматкерлеринин кармалышы тууралуу кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгында ИИМдин буйругу менен милициянын полковниги Азамат Ногойбаев, Бишкек ШИИББнын башчысы кызматынан, милициянын полковниги Кылычбек Жолдошов, Бишкек ШИИББнын башчысынын ыкчам иштери боюнча орун басары кызматынан, милициянын полковниги Мухтарбек Токтогулов, Бишкек ШИИББнын баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгѳ каршы күрѳшүү боюнча кызматынын (башкармалык укугунда) башчысы кызматынан.
Милициянын полковниги Азамат Имангазиев, Чүй ОИИББнын баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү боюнча кызматынын (башкармалык укугунда) башчысы кызматынан бошотулду.
Ошондой эле, милициянын полковниги Мыктыбек Болушев, Кыргыз Республикасынын ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын башчысынын орун басары, ал эле үчүнчү башкармалыгынын (уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча) башчысы (Ош ш.) кызматынан бошотулуп, Бишкек ШИИББнын башчысынын ыкчам иштер боюнча орун басары кызматына, милициянын полковниги Азенбек Козукеев, Талас ОИИБдин башчысынын ыкчам иштер боюнча орун басары кызматынан бошотулуп, ошол эле башкармалыктын башчысы кызматына, милициянын полковниги Ассрор Тантиев, Талас ОИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн башчысы кызматынан бошотулуп, ошол эле башкармалыктын башчысынын ыкчам иштер боюнча орун басары кызматына, милициянын полковниги Азамат Токтоналиев, Талас ОИИБдин башчысы кызматынан бошотулуп, Бишкек ШИИББнын башчысы кызматына дайындалышты.
Андан тышкары, ИИМдин баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынынын 5 жетекчилик курамдагы кызматкерлери, Бишкек ШИИББнын 3 жетекчилик курамдагы кызматкерлери, Чүй ОИИББнын 4 жетекчилик курамдагы кызматкерлери ар кандай тартиптик жазаларга тартылышты, – деп айтылат ИИМдин Басма сөз кызматынын маалыматында.