Москвада контртеррордук операция режими кирди

Москва жана Москва облусунун аймагында болжолдонуп жаткан терактыга бөгөт коюу үчүн контртеррордук операция режими киргизилди. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Россиянын Улуттук антитеррор комитети режим болушу мүмкүн делген терактыларды алдын алуу максатында киргизилгенин билдирген.

Ал эми Россия Федерациясынын президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков жакын арада Владимир Путин элге кайрылуу жасай турганын билдирди.

Воронеж облусунда да антитеррордук операциянын режими киргизилгени кабарланган.

Кечээ, 23-июнда «Вагнер» жеке аскерий компаниясынын негиздөөчүсү Евгений Пригожин Коргоо министрлигин анын компаниясынын позицияларына сокку урду деп айыптап, 25 миң адам аны менен күрөшөрүн билдирди.

Коргоо министрлиги Пригожиндин билдирүүлөрүн «маалыматтык провокация» деп атап, «Вагнердин» позицияларына сокку уруу боюнча айыптоолорду четке какты.

ФСБ Евгений Пригожинге каршы куралдуу козголоң уюштурган үчүн кылмыш ишин козгоду.