Ош облусунун Кара-Суу шаарынын Артыков көчөсүндө жайгашкан сүт азыктарын чыгаруучу ишканадан өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Маалыматка ылайык, тилсиз жоону өчүрүүгө жалпы 3 өрт өчүрүү бөлүмү тартылып, саат 23:42да чектөөгө алынып, саат 00:45те толук өчүрүлгөн.
Кырсык кучагына алган болжолдуу аянт 500 чарчы метрди түзөт. Бактыга жараша өрттүн кесепетинен жабыркагандар жок.
Такталган маалыматка ылайык, 23-июнда Оштун Кара-Суу шаарынын Космодемьянская көчөсүндө жайгашкан сүт азыктарын жана жүгөрүнү кайра иштетүүчү ишканадан өрт чыккан.
![Ошто сүт азыктарын чыгарган ишканадан өрт чыкты](https://bulak.kg/wp-content/uploads/2023/06/355899264_651741920331871_8169625251779230657_n.730x0.jpg)