Билим берүү министринин жаңы орун басары дайындалды

Бекжан Супаналиев Билим берүү жана илим министринин орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматынана кабарлашты.

45 жаштагы Бекжан Супаналиев Президентинин администрациясында, Өкмөтүнүн аппаратында иштеген. Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттигинин (АРИС) аткаруучу директору, Бишкек шаарындагы Green Finance Center компаниясынын директору болгон.