Төңкөрүш жасоо аракети боюнча кармалгандардын арасында КУУнун профессору бар

Бишкекте мамлекеттик төңкөрүш жасоо аракети боюнча массалык камакка алуулар болгон. Шектүүлөрдүн арасында атайын кызматтын мурдагы кызматкери жана КУУнун профессору да бар экенин Kaktus.media сайты укук коргоо органдарына таянып жазды.

Алардын айтымында, 7-июнда Бишкектин Биринчи Май райондук соту бийликти күч менен басып алууга даярданган деген шек менен кармалгандарга карата баш коргоо чарасын тандап, төрт шектүүнү 21-июлга чейин УКМКнын СИЗОсуна жөнөтүү чечимин чыгарган.

“Элдик Кеңеш” партиясынын жетекчиси Роза Нурматова менен “Чек ара” бейөкмөт уюмунун мүчөсү Гүлжигит Исаков УКМКнын СИЗОсуна камалган. Кармалган дагы эки адамдын аты-жөнүн Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети ачыктаган жок.

Бирок кармалгандардын арасында УКМКнын мурдагы кызматкери Темирлан Дадиев (УКМКнын СИЗОсунда камакта) жана КУУнун профессору Чолпонбек Сыдыкбаев (үй камагында) бар экени айтылды.

Эскерте кетсек, буга чейин УКМК мамлекеттин коопсуздугун камсыз кылуу жана конституциялык түзүлүштү коргоо боюнча иш-чаралардын жүрүшүндө митинг өткөрүүгө көмүскө даярдыктарды жүргүзүү, массалык нааразылык акциялары жана өлкөдө масштабдуу баш аламандыктар, андан кийин бийликти күч менен басып алууга шектелген адамдардын тобунун мыйзамсыз аракеттерин аныктап, токтоткондугун билдирген.